Menu

Видео – Эдил Байсалов: “Атамбаевдин айткандары дагы калп чыкты, ал 2003-жылы январда 35 миллионго саттым деген ишкана 2003-жылы февраль айында гана ачылган экен”

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаевдин быйыл, 12-апрелде жарыя кылган: “Түркиянын Измир шаарындагы “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş” ишканасына мен алгачкы капитал катары 45 млрд түрк лирасын салгам, ал ишкананын 90%ы мага таандык болучу,  ал ишканамдагы акциямды 2003-жылдын 31-январында 35 млн долларга саткам деген маалыматы толук жалган экендиги аныкталды”, – деп билдирди бүгүн, 25-апрелде коомдук ишмер Эдил Байсалов Түркияга болгон сапары боюнча маалымат жыйынын өткөрүп.

“Түркияда билим алып жүргөн бир канча студент менен биригип, Измирдеги (филиал) ELEKTROMED ишканасынын тарыхын архивдик материалдардан изилдеп көрдүк. Түркияда фирмалардагы жаңы дайындоо, акциялардын сатылышы, башкаруу курамынын өзгөрүшү жана башка бизнес маалыматтар атайын бир мамлекеттик гезитке жарыяланып турат. Ал гезит “TÜRKİYE TİCARET SİCİLİ GAZETESİ” (Маалыматтык бюллетень) деп аталат. Азыркы кезде ал гезиттин электрондук варианты дагы бар, каалаган адам катталып, ал жердеги каалаган фирма тууралуу баардык маалыматтарды ачык ала алат. Бирок гезиттин PDF үлгүсүндөгү версиясы 2004-жылдан тарта чыккан гезиттердики гана бар. Ошондуктан Атамбаев айтып жаткан Измирдеги ELEKTROMED ишканасы тууралуу маалымат 2003-жылдын 12-февралда жарыяланган экен. Ал материалды биздин кыргыз студент Измирдеги мамлекеттик мекеменин архивинен барып алып чыкты”, – деди Байсалов.

“Ал документте Анкара шаарында 103972 номурлуу ишкананын (ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş) ээлери Измир шаарына дагы ишкананын филиалын ачуу боюнча чечим кабыл алышкан. Жыйынга Ахмет Кая, Али Фатих Шахин жана Мехмет Шахин болуп ишкер шериктештер катышышкан. Жыйындын жүрүшүндө үч чечим кабыл алынган:  Биринч, Измир шаарында “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş – Измир филиалын” ачуу.  Экинчи, Измирдеги ELEKTROMED ишканасынын филиалынын директору кылып 1 жылдык мөөнөткө Хусейин Ташан деген адамды дайындоо. Үчүнчү, Измирдеги ELEKTROMED ишканасынын филиалынын капиталын 1.000.000.000 (1 миллиард лир) кылып бекитүү. Биз бул документтен көрсөк болот ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş ишканасынын Измирдеги филиалы 2003-жылдын 2-февралында гана Каялар жана Шахиндердин үй-бүлөсү тарабынан ачылгандыгын. Эгерде ишкана (филиал) 2003-жылдын февраль айында ачылып жатса, Атамбаев ал ишкананы ачыла элегинде – январь айында сатып жибериши таптакыр мүмкүн эмес!”, – деди Эдил Байсалов.

Видео: Клооп.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: