Өнүгүү-Прогресс партиясы Жалал-Абад шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына, айрым шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана «Жарандардын биометрикалык каттоо жөнундө» мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген көрүнүштөр болуп жатканы жөнүндө, расмий түрдө нааразылык катын жөнөттү. Бул туурасында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.
Нааразылык катында төмөндөгүдөй айтылууда: “Жалал-Абад шаарындагы № 2104 шайлоо участкасында 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн шаардык кенештин депутаттарын шайлоосунда 2373 шайлоочунун саны тизмеде болгон эле. Ал эми, үстүбүздөгү жылдын 28-май куну өтүүчү шайлоого карата тактоо үчүн илинген шайлоочулардын тизмесинде 2296 гана шайлоочунун тизмеси шайлоо участкасында илинген. Мындан, 77 шайлоочу тизмеде жок болуп калгандыгы аныкталып, бирок тизмени изилдеп көргөн учурда, 2296 шайлоочунун 53 шайлоочусу бул шайлоо участкасына тийиштүү эмес шайлоочулар тизмеге кирип калган. Тизмеде Бишкек жана Кара-Көл шаарларынын, Сузак райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын башка шайлоо участкаларынын жашоочулары № 2104 участкасынын тизмесинде жүрүшөт. Шайлоочулардын тизмелерине байланышкан так эместиктер шаардын башка дагы участкаларында (№ 2101 жана № 2098) орун алган.”
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешине кайрадан шайлоо 2017-жылдын 28 май айына белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ