Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Назаркул Ишекеев өтө сыпайы, билимдүү жетекчи. Алдым-жупумдугу жок, бир мүнөз. Ишти чалмакей чалган өзүм билемдиги дагы жок. Бирок «жакшы деген Жылтырдын кызы желенин башына ушатат» болгон окуяга жол берди. Буга 15-августта тест тапшырып, жетиштүү балл топтой албай калган талапкерлер Абышев Аскарбек жана Абыкулов Советбектен кайрадан экзамен алдырып, кыргыз тилин билет дедиртип сертифкат бердирткени тангыс далил десек жарашат. Бул деген шермендечилик эмеспи. Тесттен өтпөй калган талапкерди кайра тест тапшыртып тамаша кылган болобу? Же акча алып алып, ушундай иттикке барып жатасыздарбы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ