Menu

Сооронбай Жээнбеков, президент: “Садыр Жапаров боюнча популисттик кылып сотко “Сен мындай кыл” деп айтсам туура эмес болот”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда абактагы экс-депутат Садыр Жапаров боюнча суроо берилди. Ага президент: “Мен азыр  Сот системасы мамлекеттин өзөгү. Системаны реформа кылып, талап кылышыбыз керек. Бирок, мыйзам чегинде чечкенди үйрөтүшүбүз зарыл. Мына, биз жаңыдан келгенде, жашырганда эмне, президенттик аппарат карап, “Муну эмне кылабыз? деп айтып жатышты. Мен “Мыйзам чегинде чечкиле, мыйзамдан чыкпагыла. Мыйзамды бузсаң жооп бересиң, сотсуңбу, ким болсоң да” деп дагы эле айтып жатам. Азыр эми бул нерсе каралып жатат. Арыз бериптир. Кандай чечилет, бир мени менен чечилбейт, аны кийин угасыңар”,-деп жооп берди.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов президентке ырайым сурап кайрылганын, ал боюнча жооп боло электигин айтып келет. Адвокаттын айтымында, кайрылуу ушул жылдын 16-октябрында жолдонгон. Анда Жапаровдун эч бир күнөөсү жоктугу, ата-энесин, баласын жоготкону боюнча айтылып, аны эртерээк бошотууну суранганы жазылган.

19-декабрда Садыр Жапаровдун тарапташтары М.Горький парктын алдына чогулуп, аны бошотуу акциясын өткөрүшкөн.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн андагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2018-жылы 11 жыл, алты айга кесилген.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: