Menu

Цукерберг: Орусия шайлоого кийлигишүүнүн жаңы каражатын колдонгон

Бөлүшүү:

Facebook компаниясынын башчысы Марк Цукерберг шайлоолорду жана коомдук пикирди жазгыруу үчүн социалдык түйүндү  колдонгон, Орусия тараптан колдоого алынган топторго каршы турууга аракет кыларын билдирди. 33 жаштагы интернет-магнат бул тууралуу 11-апрелде АКШ сенатында көрсөтмө берип жатып айтты.

Цукербергге АКШдагы президенттик шайлоого тыштан таасир этүү үчүн социалдык түйүндү колдонуу, жеке кат алышуу сырынын бузулушу жана колдонуучулардын жеке маалыматтарынын корголбой жатышы тууралуу суроолорду беришти.

Цукерберг британиялык “Cambridge Analytica” аналитикалык фирмасы 2016-жылдагы президенттик шайлоого таасир берүү үчүн 87 миллион кишинин жеке маалыматтарын топтогонуна каршы тура албаганы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ал жалган маалыматтарга, тыштан кийлигишүүгө жана түйүндө “жек көрүчүүчүлүк” тилинин пайда болушуна каршы жетиштүү чара көрүлбөгөнүн дагы моюнуна алды.

Цукерберг шайлоо системаларына тыштан таасир этүүнүн алдын алуу үчүн Facebook түйүнүн бекемдөө зарылдыгын айтты.

Facebook башчысы 2016-жылдагы америкалык шайлоо маалында Орусия тарабынан жасалган маалымат операцияларын кеч ачыкка чыгарышканы үчүн өкүнгөнүн баса белгиледи. “Биз салттуу киберчабуул шартында иштөөгө даяр болчубуз… бирок биз жаңы маалымат операцияларын тез аныктай алган жокпуз “, – деди Марк Цукерберг.

Ал жыл соңуна чейин маалымат коопсуздугу жана контент-анализ менен алектенген кызматкерлердин штатын 20 миңге чейин көбөйтүүнү пландап жатканын айтты. Цукерберг Facebook түйүнүндө жалган аккаунттарды аныктаган жасалма интеллект каражаты ишке берилгенин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: