Menu

Депутат Гүлшат Асылбаева: “Сынга карабай, кыргыз тилин үйрөнө берем”

Бөлүшүү:

21-ноябрда депутат Гүлшат Асылбаева (“Өнүгүү-Прогресс”) ЖК жыйынында кыргыз тилин билбегенин сындаган соцтармактардын пайдалануучуларына, коллегаларына кайрылуу жасады.

“Тилекке каршы, кечээги менин докладым кызыктай терс резонанс жаратты (мыйзам долбоору жөнүндө доклад). Көпчүлүк менин бешинчи графамдагы улутум боюнча сөз козгошуп, талапка жооп бербеген акцентимди белгилешип, аябай нааразы болушуптур. Атүгүл Кыргызстан деген сөздө “Р” тамгасын айта албайт экенмин. Ушул себептерден улам мыйзам долбоорунун концепциясы өзгөрүп кеттиби же добуш берүүдө таасири тийдиби?”, – деп сурады депутат айым.

Анан ал кыргыз тилинин өнүгүүсүнө болгон аракетин жасап, окутуу ыкмасын өркүндөтүп жаткан мугалимдерге көз каранды эместигин белгиледи.

“Кеп кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган окуу куралдарында эмес, мектепте берилген саатында эмес. Эң башкысы – бири-бирибизге болгон мамиледе, урмат-сыйда, сабырдуулукта. Орус тилинде мектепти бүткөндөрдү көбү бүгүнкү күнү мамлекеттик тилде сүйлөй алышпайт, анын терс таарисин жон териси менен сезип жатат. Эч кимди күнөөлөгүм келбейт, азыр көпчүлүк мамлекеттик тилде сүйлөбөйт, билбейт, тиричиликте гана пикир алышып коюшат, – деп сөзүн улап, тил билбегени үчүн өзүнөн жоопкерчиликти аларын айтып, кыргыз тилин үйрөнүүгө далалат кылып жаткандарга көмөк көрсөтүүгө, колдоп коюуга чакырды – Мектепте болобу, жумушта, шаарда шылдыңдашкандарына карабай, кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. Үйрөнгөн себеби – кыргыз досторун жакшы көрүшөт, жумушун жакшы көрүшөт, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окушат, кыргыз тасмаларын көрүшөт, эң башкысы – Кыргызстанды жакшы көрүшөт. Кимде-ким туура эмес сүйлөп алса, оңдоп койгула, сый менен, урмат менен, боорукерлик менен. Силердин колдогонуңарды бир дагы кыргыз тили боюнча китеп кыла албайт”, – деп чакырык да салып жиберди.

Анан өзү да кыргыз тилин үйрөнө берерин, кыргызча ырдап калганын айтып: “Мага жардам бересиңер деген үмүттөмүн. Мени колдогонуңар үчүн алдын ала ыракмат айтам”, – деп сөзүн бүтүрдү. Албетте, бул сөздөрдүн бардыгын депутат айым орусча айтты.

Өз кезегинде спикер Дастан Жумабеков коллегасына ыраазычылыгын айтып, колдоо көрсөтүп: “Биз дайыма колдоп турабыз, мында уят эч нерсе жок. Сиз кечээ кыргыз тилинде жакшы доклад жасадыңыз. Көралбастар айтып жатышса керек да, ага көңүл бурбай эле коюңуз”, – деди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: