Menu

Жарандар ЖКнын депутаттарынан Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаев Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгып кетпөөсүн көзөмөлдөп берүүнү өтүнүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мирлан Бакиров, Жанарбек Акаев, Алтынбек Жунус уулу, Каныбек Иманалиев, Алтынай Өмүрбекова, Исланбек Сарсейитов, Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү камактагы оппозициячылардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда депутат Каныбек Иманалиев иш-чаранын катышуучулары тарабынан айтылган сунуштар менен сын-пикирлердин баары жаңы Башкы прокурорго берилерин белгиледи.

Камалган жарандардын туугандары менен адвокаттары болуп өткөн сот процесстери, азыркы тапта камактагы кармоо- шарттар тууралуу маалымат беришти. Ошону менен катар алар эл өкүлдөрүнөн экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев республика аймагынан сыртка чыгып кетпөөсүн көзөмөлдөп берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле алар жана алардын орун басарлары тарабынан кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик маселесин кароо зарылдыгы айтылды. Мындан сырткары, соттук чечимдерди текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу дагы болду.

Эл өкүлдөрү мындай депутаттык комиссия түзүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоору парламенттин кароосуна киргизиле тургандыгын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: