Menu

Видео – Мамлекетти башкаруудагы жоопкерчилик жүгү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш президенттин Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан алуу сунушун колдоду. Ага чейин Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызы менен бошотулган. Бул арада өкмөттүн келечеги да талкууга түшө баштады. Жаңы бийлик мамлекетти башкарууда жеке кызыкчылыктарды артка таштап, мамлекетчил аң-сезим менен саясат жүргүзө алабы? “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын ушул темага арналган талкуусуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, коомдук ишмер Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев катышты. Саясий айдыңдагы болуп жаткан соңку кадамдар, жараяндар бийликти ырааттуу алмаштыруунун көрсөткүчүбү же саясий тараптардын өз тирешүүсүнүн эле туундусу болуп жатабы?

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: