Menu

Жалал-Абад: өнөр жайда продукциянын физикалык көлөлмү өстү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында быйылкы биринчи квартал ичинде өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан алга кетүү байкалып, анын физикалык көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 155,4 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.
Ал эми салыштырма баалар менен алып караганда, өткөн жылы биринчи кварталда шаардагы өнөр жай ишканалары 986,2 миллион сомдук продукция өндүрүшсө, быйылкы жылы анын көлөмү 1 миллиард 37,9 миллион сомго жеткен жана 51,7 миллион сомго көп өндүрулгөн. Өсүү темпи 105,2 пайызды түздү.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы мурда ишин убактылуу токтоткон Борбор Азиядагы таш иштетүүчү завод кайра ишин жандандырса, айрым жаңы цехтер ишке кирип, продукциянын көлөмү артууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: