Menu

КР Президентинин Иш башкармалыгы мыйзамды одоно бузуп, мамлекеттик резиденцияны бир партиянын энчисине айландырбаш керек

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-апрелде экс-президент, пенсионер Алмаз Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КСДП фракциясынын депутаттарын кабыл алды. Ага чакырылган 38 депутаттын 19у гана келди.

Бул жерде КР Президентинин Иш башкармалыгы мыйзамды одоно бузуп жатат.  Иш башкармалык мамлекеттик резиденцияны бир партиянын энчисине айландырбаш керек болчу. Партиялык иш чаралар ошол партиянын штаб-квартирасында өтүш керек же фракцияын жыйындар залына Атамбаев өзү келиш керек эле. Мамлекеттик резиденцияда партиялык эмес, мамлекеттик деңгээлдеги гана иш чаралар өткөрүлүш керек. Эгер мыйзам менен калыс иштеген Иш башкармалыгы болгондо бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КСДПнын иш чарасына келгендерди резиденцияга киргизбей жана жыйындар залын бербей коймок.

Ар бир кеткен экс-президент эле өз партиясына лидер болуп шайланып алып, мамлекеттик резиденцияны өз партиясынын менчигиндей пайдаланган прецедент түзүлбөш керек болучу жана мындан ары буга жол бербеш керек. Эгер андай болсо эмнеге экс-президент Роза Отунбаева мамлекеттик резиденцияда Роза Отунбаеванын демилгелери фондунун иш чараларын өткөрбөйт?

Андан башка да КР президентинин Иш башкармалыгы экс-президент Алмаз Атамбаевге “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын ичинен атайын кабылдама жасап бергени белгилүү. Анда эмне үчүн КР Президентинин Иш башкармалыгы экс-президент Роза Отунбаевага мамлекеттик резиденциянын ичинен кабылдама жасап бербейт? Буга чейин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жашаган республиканын экс-жетекчилери Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Роза Отунбаевалар мыйзам боюнча дачаларды гана алышкан, бирок, иш бөлмө, кабылдама же штаб талап кылышкан эмес. Атамбаевге да дача гана берилиш керек. Эгер партиясын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдагысы келсе КСДПнын штаб-квартирасына келип даярдасын. Кыргызстанда көп партиялуу система, бардык партиялар бирдей укукка жана шарттарга ээ болушу зарыл. КСДПны КПССке айлантпагыла.

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Иш башкармалыгына чара көрүшү керек, антпесе Мамлекеттик резиденция “проходной дворго” айланып баратат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: