14-апрелде Бишкектин Чуй көчөсүндө болгон. Караңгыда катуу келаткан Toyota Camry унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бараткан кызды сүзгөн. Кыз катуу куу менен бир нече метрге ыргып кеткен. Ал аз келгенсип, машинеси менен да тебелетип алып…. Кырсыкка учураган тез жардам кызматы келгенче эле алган жаратынан улам каза таап калган. Маркум 17 жашта экендиги аныкталган.
Кырсык, таңкы 5ке жакын Тоголок-Молдо Чуй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күнөөлүү айдоочу камакка алынды. Ал байкуш ызды сүзгөн жаш жигит Нурбай Касымбаевдин Нурбек деген 26 жаштагы баласы экени аныкталды. Аны текшергенде ичкилик ичип алганы айтылат. Эске сала кетсек, Нурбай Касымбаев Мелис Турганбаев ИИМди жетектеп турганда анын орун басары болуп иштеген.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ