Menu

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Шариповичке кайрылуу

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мен Сокулук районунун Селекция айылынын тургунумун. Сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө: —Менин уул-кыздарым Россияда иштешет, үй-бүлөсү менен. Алдынын жашы элуүдөн ашты, арты элүүгө келишти. Мен неберелер менен үйдөмүн. Балдары Жогорку окуу жайларды бүтүштү. Бирок туруктуу иштери жок, ар кандай жумуштар менен алек болуп жүрүшөт. Ошондуктан ата-энелери жана кол алдында иштеген жумушчулар менен кеңешип, Бишкектен ишкана ачсак, мына бул окууларын бүткөн уул-кыздарын ушул жерден жумуш таап, өздөрү да келсек дешет Кыргызстанга. Москвада офис ачышып, мен дайыма барып, ремонтуна, документтерине жардам берип 2-3 ай туруп келчүмүн. Москвада жумуштары жакшы, буттарына туруп калышкан, үйлөрү бар. Кол астында иштегендер баардыгы жогорку жана орто билимдүү. Ошондуктан сизден көптөн-көп 35-40 мигранттардын атынан 35-40 сотых жер тилкесин суранышат. Сиз март айында Москвага барганда мигранттар менен жолуккансыз. «Өз мекениңерге инвестор болгула, Кыргызстанга баргыла»-дегенсиз. Мен да телевизордон көргөнмүн. Ошол себептеп инвестор болуп, азыркы иштеп жаткан коллективи менен окууну бүткөн балдарыбызга иш орун жана үй салып берели дешет. 2019-жылдын январында келип кыдырып көрүшкөн. Түштүк магистралдагы «Ала Арча» соода борборунун катарында бош орун бар. Америка мектебинин жанында дагы бош жерлер бар экен. Жолдун бою, кооз бийик имарат курат элек дешет. Бизге окшогон карапайымдарга ал жактан жер берилеби? Же байларга, министр, прокурор, сотторго гана берилеби? Бизде андай тааныш, тууган да жок. Биз өз эмгегибиз менен курабыз, сиздерден жумуш, акча, үй сурабайбыз. Болгону 35-40 сотых жер берип койсоңуз жумуш ордун 60-70 ке чейин жеткиребиз деген үмүттөбүз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен ушул балдардын энесимин, жашым 75те. Бирок акыл эстутумум азырынча Кудайга шүгүр. Мен өзүм кат аркылуу вице-премьер Алтынай
Өмүрбековага жалынып-жалбарып кабыл алып коюңуз деп кайрылгам. Самат деген жигит катыңызды каттап койдум деди. 2,5 ай күттүм. Эч жооп болбоду. Саматка дагы бардым, ал Мэрге жөнөттү. Жообун күтө туруңуз деп дагы 2,5ай күттүм. Акыры мэрге өзүм барып, эшигин каккылап жүрүп, 3 айдан кийин вице-мэрине араң кирип, жер берилбейт деген жооп алдым. Инвестор алып келсеңер айткыла, депутаттар аркылуу киргиле деген сөзүңүздү өз кулагым менен телевизордон уккам. 2-3 депутатка кайрылдым, телефонду өздөрү албайт экен. Жардамчылары жазып койдук, убактылары болгоңдо чакырабыз деген бойдон жооп жок. Дагы бир активный ушул жигит жолуктурат болуш керек деген Жанар Акаевдин жардамчысы Искендер деген жигиттен укканым «Жанар Акаевсизге ортомчу беле» деген сөз болду. Эч кимисинен жооп ала албагандан кийин айла кетип өзүңүзгө гезит аркылуу кайрылышка туура келди. Уул-кыздары өздөрү эмнеге кайрылышпайт деп ойлойттурсуз. Алар бул жакка келип 4-5 ай жүрө алышпайт. Январда гана 10-13 күн жүрүп кетишет. Экинчиден айтпадымбы, бизде чоң кызматта иштеген эч кимибиз жок, колдоону бир гана өзүңүздөн күтөбүз. Бардыгы Ош, Жалал-Абаддан болуш керек деп ойлобоңуз. Ал жакта Нарын, Талас, ЬІсык-Көлдүктөр бир туугандай иштеп жүрүшөт. Өзүңүз кабыл ала албасаңыз министрлерден бирөө кабыл алып койсо аябай жакшы болот эле. Москвада бутуна туруп, инвестор боло турган келин-жигиттер аябай көп, Сизди урматтоо мснен 40 мигранттын атынан балдардын энеси.

Балдар Кыргызстанга келишсин, күч аракетин Кыргызстанга көрсөтүшсүн. Кыргызстаныбыз тынччылык болуп, өркүндөп өссүн. Энелер ошону гана каалайбыз. Кимге жолугуп, кимден сураныш керек, чыдамсыздык менен жооп күтөбүз.

А.Назаркулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: