Menu

Казакстанды кош бойлуу “абийир туткунун” куугунтуктоону токтотууга үндөшүүдө

Бөлүшүү:

Эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму казак бийлигин тыюу салынган оппозициялык кыймылды каржы жагынан колдоду делген кош бойлуу аялды куугунтуктоону токтотууга чакырууда.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан укук коргоо уюмунун 18-апрелде тараткан билдирүүсүнө ылайык, Алматы шаарынын тургуну Акмарал Тобылова “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын сайтына кирип турганы үчүн гана айыпталып жатканын айтылат.

Казакстан соту 13-апрелде Тобылованы ден соолугуна байланыштуу кепил менен үй камагынан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Бирок кесиби боюнча графикалык дизайнер, 28 жаштагы Тобыловадан “экстремисттик уюмду каржылоо” айыбы алынган эмес. Ал 13-мартта, Астанада сот “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын экстремисттик деп тапкан күнү кармалган. Казак бийлиги кыймыл конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үгүттөйт деп эсептейт.

“Казакстандын демократиялык тандоосун” Нурсултан Назарбаедин сынчысы, чет өлкөдө жашаган Мухтар Аблязов негиздеген.

“Блогерлер, активисттер жана коомчулук өкүлдөрү “Казакстандын демократиялык тандоосун” колдошкону үчүн суракка алынып, камалышууда”, —деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Өткөн айда Amnesty International Акмарал Тобылованы абийир туткуну деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: