Menu

Президент Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирди

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кетиши жөнүндө жарлыкка кол койду.

“Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин өкмөткө ишеним көрсөтпөгөнүнө байланыштуу Конституциянын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүн кызматтан кетирди”, – деп жазылган президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү жиберген кабарда.

Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өз милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү тууралуу парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 105 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кеткен.

Исаков Кыргызстандын 29-өкмөт башчысы болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: