Menu

Түркмөнстан ТАПИ газ түтүгүн куруу үчүн Өзбекстандан жардам сурайт

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ТАПИ (Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия) газ түтүгүн курууга моралдык жана материалдык жактан жардам берүү өтүнүчү менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевге кайрылат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өкмөттөгү булактары кабарлашты.

Гурбангулы Бердымухамедов жакында Өзбекстанга сапар менен барууга даярданып жатат. Президент башында турган түркмөн делегациясынын курамына өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер жана маданият кызматкерлери кире турганы айтылууда.

Булактын маалыматына караганда, Бердымухамедов эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өзбекстандык кесиптешинин ТАПИ долбоорун колдоосун өтүнүп, анын курулушу үчүн насыя сурайт.

26-февралда «Интерфакс» агенттиги Бердымухамедов ушундай эле өтүнүч менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылганын кабарлаган. Бирок анда Путин бул сыяктуу долбоорлор шек туудураарын айтып, анын ишке ашуусу канчалык деңгээлде мүмкүн экенин карап көрүү зарыл экенин белгилеген.

Февралдын ортосунда Түркмөнстандын мамлекеттик агенттиктери Бердымухамедов ТАПИ долбооруна түркиялык компанияларды тартуу боюнча кеңешмелерди өткөрүп жатканын жазышкан.

Газ куурунун курулушуна кетчү чыгымдын 85 пайызын Түркмөнстан өзүнө алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: