Талас областынын катардагы эмес, бу сапар жетекчи милийсалары жыдыды, Алар деле пенде да – “дүнүйөнү көргөндө пайгамбарлар жолдон чыгат экен, алардын алдында биз эмне болуп калыптырбыз” дешкениби – бир топ ачандиктеринин алкымдарынын ачылганы билинип калып, жакында кызматтарынан кол жуушту. Бул күндөрү тергөө эмес, териштирүү жүрүп жатыптыр.
Жаңы келген жетекчилик журналисттер менен 3 айдын жыйынтыгы боюнча аңгеме-дүкөн куруп, “жайгарамиз, бажарамиз” деп эле ала допучандарча «честь беришет» – буларга да ишенип көрөлү. Жаңы жетекчилик демекчи – бул жолу Таластын милийсаларын полковник Алмазбек Жумабеков эки жаңы орун басары менен жетектеп баштады. Бул жигит белгилүү дарыгер Сабыр Жумабековдун, спикер Дастан Жумабековдун кара чечекей иниси, Бакай-Ата районунун прокурору Замир Жумабековдун агасы экен. Туулган жердин топурагы алтын болуп, Алмазбек Артисбекович деле элге окшоп тез эле «генерал» алып алсын.
Талас шаары менен Манас районуна да жаңы начальниктер келишиптир. «Эми силер таза иштегилечи, мактаганга жетишебиз» деп кофеге бата берип кайттык.
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ