Menu

Бишкекте диний уюмдардын өкүлдөрү тазалык акциясына чыгышат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында ар кайсы диний уюмдардын өкүлдөрү тазалык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова “Азаттыкка” билдирди.

Акцияга Дин комиссиясынын кызматкерлери, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, Кыргызстан орус-православ жана католик чиркөөлөрүнүн, Кыргызстандагы буддисттердин жана иудейлер жамааттарынын, жахаба (евангелисттер) жана баптисттер уюмдарынын, бахаи жана адвентисттер бирикмелеринин, лютерандар жана “Конкорди” лютерандары коомдорунун өкүлдөрү катышат. Иш-чарага ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери да барат.

Дин комиссиясы билдиргендей, бул иш-чара диний жамааттардын ынтымагын чыңдоо жана Бишкектик тазалыгын камсыздоого салым кошуу максатын көздөйт. “Таза жашоо” программасынын алкагында өтө турган акция 21-апрелде, ишембилик катары өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: