Илгери, илгери деп башталган жомоктордо эл башкарган падышалар бурадарларынын абалын билүү үчүн дубана кейпин кийип, калк аралап чыгат деп айтылат. Бул эми жаш балдардын аң-сезимине таасир берген күчтүү идеология эмеспи. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов дагы жаш кезинде ошондон катуу таасирленсе керек. Шаардагы жасалып жаткан иштер кандай аткарылып жатканын билиш үчүн галстугун чечип ыргытып, жомоктогу дубананын сакалындай сакал жармаштырып, эски кийимдерин кийип шаар аралай турганын билдирди. Албектин реалдуу жашоодон алыс болуп, дагы деле жомок менен жашап жатканын ушундан эле билсе болот да. Дубана кейпин кийген падыша өлкөсүн жакшы жакка бурчу эле, Албектин иши болсо терс кетип жатканын эл көрбөй жатабы? Мэрдин бир көчөттү 9 миң сомго сатып алганы да жомоктогудай жашоону элестетип алганы болуп жүрбөсүн? Дубана болгон башкаруучу артынан көп сөз ээрчитчү эмес жомокто, биздин заманбап дубанабыз Бишкек шаарынын эң кымбат жерлерин сатып жиберген махинациясы парламентте айтылбадыбы. Заманбап дубананы көрүп калгандар болсо, азыр эл жомокко ишенбей калганын айтып, жыйырма биринчи кылымда жашап жатканын эскертип койгулачы.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ