Menu

Видео – Акылбек Жапаров: “2010-жылы Кытайга карызыбыз 2% эле болучу, акыркы 5 жылда 44%га көтөрүп жибердик, жакында Кытайга 1,5 млрд доллар төлөп беришибиз керек”

Бөлүшүү:

“Мамлектттик карыз жана аны төлөө жөнүндө айтсак, быйыл Кыргызстандын карызы 4,5 млрд доллардан ашты.  Анын ичинен 4 млрд доллар тышкы карыз, 0,5 млрд доллар ички карыз болуп эсептелет. Карыздын көлөмү Ички дүң продукциянын 58%ын түзүп калды. Карыз эки эле жолу, 2005-жылы 67 миллионго, анан былтыр Россия биздин карызыбызды кечип бергенде азайтылган, болбосо жыл сайын эле көбөйүп келатат”, – деп билдирди бүгүн, 20-апрелде депутат Акылбек Жапаров парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып.

“Азыркыга чейин биз карызды кыйла аз төлөп келгенбиз. Алсак 2011-жылы болгону 56 млн доллар төлөгөнбүз, 2015-жылы 110 млн доллар төлөдүк, ал эми быйыл, 2018-жылы 195 млн доллар карызды накталай төлөп берип жатабыз. Ал эми 5 жылдан кийин, 2025-жылы 320 млн долларды тышкы карызга төлөйбүз. Ошол учурда азыр бизге түшүп жаткан “Кумтөрдүн” кирешеси да токтоп калат. Карыздардын ичинен бизге бири өтө коркунучтуу болуп турат – бул Кытайдын бизге берген карызы. Ал карыз биздин карызыбыздын 44%ын түзөт. 2010-жылы биздин Кытайга карызыбыз 2%ды түзчү, акыркы 5 жылда 44%га көтөрүп жибердик. 2025-жылдан 2029-жылга чейинки сыртка төлөй турган карыздарыбыздын 71% Кытайга туура келет. Ошол 5 жылда 1,5 млрд долларды Кытайга төлөп беришибиз керек. “, – деди Акылбек Жапаров.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: