Menu

Китеп күнүнө карата окурманга белек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жыл сайын ар түрдүү багыттагы китептерди чыгарып, калктын руханий байлыгын арттырууга салым кошуп келет.

Бул жылы дагы жарыяланган сынактын негизинде “Азыркы адабият” сериясынын алкагында кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектери, “Дүйнө” сериясында кыргыз адабиятынын башка тилдерге котормосу жарык көрдү. Ал эми “Дүйнөлүк адабият” сериясы дүйнөлүк классиктердин чыгармалары менен кыргыз тилинде таанышууга шарт түзсө, жаш калемгерлердин чыгармалары “Дүбүрт” сериясынын алкагында жыйнак болуп басылып чыгып, окурмандарга тартуулоо алдында турат.

Аталган китептердин бет ачар аземи Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата өткөрүлүп, ага КР Президентинин Аппаратынын, КР Кеӊешинин, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, китептердин авторлору, акын-жазуучулар, китепканалардын кызматкерлери ж.б. чакырылган.

Орду: К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Ч.Айтматов атындагы залы

Убактысы: 23-апрель, саат 14:00

Дүйнө сериясы

  1. «Менин жерим – Кыргызстан»  (англис тилинде) түзгөн Б. Мураталиев
  2. «Эр төштүк» Б. Максүтов (Орус тилинде)

Дүйнөлүк  адабият  сериясы

  1. «Чыңгызхан жана бахшы» И.Түркхан
  2. «Тузак» которгон А. Сарманбетов
  3. Л. Кэррол. “Алисанын кызыктар өлкөсүндөгү укмуштуу окуялары”  Которгон А. Эгембердиева
  4. “Батыш баяндары” Которгон Н. Асанбаев

Азыркы адабият

  1. Ы. Кадыров “Көп билүүгө дилгирмин”
  2. Ж. Исабаева «Ыр куса»
  3. Д. Дөкөнбаев «Айбар – тэн”
  4. Б. Калчабаева “Баяндуу махабат”
  5. Аскер Карыбаев «Тандалмалар»
  6. Дүйшөнбаев П., Дүйшөнбаев М. “Ч. Айтматов – башкы редактор жана публицист”
  7. Кален Сыдыкова «Тил тагдыры – эл тагдыры»
  8. К. Көкүлов “Дүйнө күн”

«Дүбүрт» сериясы

  1. Улан Дөөлөтов “Убакыт”
  2. Шайдилла кызы Динара “Мен ырларды жаратпадым, ырлар мени жаратты”
  3. Гүлүмкан Исаева “Жан жарык”

Брайл арибинде

  1. Токтош Абыкеев “Кайберендин көз жашы” (Жомоктор жыйнагы)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: