Кечээ коомдук ишмер Эдил Байсалов КТРКнын гендиректору Илим Карыпбековдун кесипкөйлүгүн сындап, анын отставкасын талап кылган. Бүгүн социалдык тармактарда да бир нече белгилүү укук коргоочулар Илим Карыпбековду уяткарып, отставкасын талап кылып жатышат:
Динара Ошурахунова: Кечээ бүт дүйнө Арменияны куттуктап, кол чаап жатышты. Ал эми биздин КТРК бул тууралу бир ооз ачып койгонго жараган жок! Илим, сен НТВ телеканалына кет – сенин жана сенин контентиңдин орду ошол жакта.
Бурул Макенбаева: Мамлекеттик телеканал дегенди жоюш керек!
Динара Ошурахунова: Мамлекеттин казынасынан каржылаганды эле токтотсо ал эбак эле коомдук телеканал болуп калмак.
Элмира Ногойбаева: Ал жерди азыр Илим жетектеп турса эле калп менен караңгылык өкүм сүрө берет.
Данияр Өскөнбаев: КТРК коммунисттик телеканалдын деңгээлинде кала берди…
Кубат Каработоев: КТРК өкмөтчүл канал эмеспи, Коомдук байкоочу кеңеш эмнеге карабайт?
Динара Ошурахунова: Байкоочу кеңешти Жыпар Жекшеев жетектейт.
Жолдошбек Исмаилович: Ал дүжүр киши…
Гүлнара Журабаева: Илим, кетип кал!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ