Menu

Багдаддан төрт тажикстандык бала алынып келди

Бөлүшүү:

Бир канча айдан бери Багдаддагы балдар үйүндө кармалып турган он жаштагы Марьям Шоева Тажикстанга алынып келди. Аны менен бирге 25-апрелде Душанбеге дагы үч тажикстандык жетим бала жеткирилди.

Шаршембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кувейттеги, Астанадагы, Тегерандагы, Анкарадагы, Москвадагы жана БАЭдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле ЮНИСЕФ менен Эл аралык Кызыл чырым уюмдарынын жардамы менен төрт тажикстандык баланы Ирактан мекенине алып келүүгө мүмкүн болгонун билдирген.

Марьям тууралуу алгачкы тасма өткөн жылы августта, «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарына кошулуп кеткен ата-энелери менен барган Ирактагы балдар тууралуу Russia Today телеканалынын сюжетинде көрсөтүлгөн. Анда Марьям орус тилинде Иракка Тажикстандан барганын айтып, туугандарынан жардам сураган. Кийин анын 2004-жылы төрт баласы менен Египетке кеткен душанбелик 37 жаштагы Гиссар Жамолиддин менен 34 жаштагы жубайы Садбарг Шомирзоеванын кызы экени аныкталган.

Марьям КМШ өлкөлөрүнөн барып, жетим калган башка балдар менен бирге Ирактын Мосул шаары бошотулгандан кийин Багдаддагы балдар үйүнө жеткирилген.

Тажикстан ТИМинин маалыматына караганда, Душанбеге алынып келинген 16 жаштагы Оиша, 9 жаштагы Абулла, 7 жаштагы Фотима жана 3 жаштагы Мухаммад душанбелик Илхомиддин Аслоновдун балдары. Алар үч жыл мурда ата-энеси менен бирге Иракка кетишкен. Илхомиддин Аслонов тажик бийлиги тарабынан ИМ тобунун катарында согушуп жүргөндүгү үчүн изделип жаткан жарандардын тизмесинде бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: