Menu

Астанада «Абу-Даби Плазанын» куруучулары айлыктарын талап кылышууда

Бөлүшүү:

Астанада «Абу-Даби Плаза» комплексинин куруучуларынан турган топ айлык маяналарын алууга жардам берүү өтүнүчү менен «Нур Отан» партиясынын жергиликтүү өкүлчүлүгүнө кайрылды.

Маалыматка караганда, «Абу-Даби Плаза» комплексин куруу менен алектенип жаткан World Monitor компаниясынын ондон ашык жумушчусу «Нур Отандын» Астанадагы өкүлчүлүгүнүн төрагасы Бакыт Сапаров менен жолугуп, эки айдан бери ала элек айлыктарын алып берүүнү жана эмгек шарттарын жакшыртууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Бул боюнча World Monitor компаниясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Жумушчулар компания даректерин тез-тез алмаштырып тураарын, буга байланыштуу алар жетекчилиги менен жолуга алышпаганын билдиришти.

Бакыт Сапаров World Monitor курулуш компаниясынын жумушчуларынын жазуу түрүндөгү кайрылуусун кабыл алып, бул маселе боюнча мамлекеттик органдардын катышуусунда компаниянын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүүнү убадалады.

Бул «Абу-Даби Плазаны» куруп жаткан куруучулардын «Нур Отан» партиясына алгачкы жолу кайрылуусу эмес. Февралда анда иштеген дагы бир компаниянын жумушчулары «мыйзамсыз» иштен алуулар болуп жатканына даттанышкан.

Астанада «Абу-Даби Плаза» комплексинин курулушу 2010-жылы башталган. Бул аралыкта анда бир канча жолу өрт чыгып, пайдаланууга берүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: