Menu

Өзбекстанда аскер адамдарынын кызмат өтөө мөөнөтү узартылат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда аскер адамдарынын кызматтагы мөөнөтү узартылып, алардын пенсия курагы жогорулатылат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Маалыматка караганда, «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу» жана «Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн резервдеги кызматы тууралуу» мыйзамдарга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр быйыл 19-октябрда күчүнө кирет.

Документтерге ылайык, кенже офицерлер (лейтенант, ага лейтенант, капитан, капитан-лейтенант) үчүн кызмат өтөөнүн эң жогорку курагы 43 жаштан 45 жашка чейин жогорулатылат.

Улук офицерлер (майор, подполковник, полковник, 3чү 2чи жана 1чи рангдагы капитандар) пенсияга 50 жаштан чыгышат. Буга чейин алар 45 жаштан эле пенсияга чыгып келишкен. Генералдык курамдар үчүн кызмат өтөөнүн эң жогорку курагы 60 жаш бойдон калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: