«Бизде же жол, же дүкөн, же мектеп, же дүкөн жок. Мындан дагы жаман болушу мүмкүн эмес».
Омсктан Дувановка кыштагына чейин болжол менен 140 чакырым: Акыркы 17 чакырымында асфальт төшөлгөн эмес. Андыктан жолдон баткак кургаганда гана өтүү мүмкүн. Жергиликтүү жашоочулар 17 чакырымдан кийин цивилизация бүтөт деп тамашалап калышат. “Жол, дүкөн, мектеп, суу жок”, – деп даттанышууда алар.
Ошол эле маалда Казакстандан Дувановкага чейин болгону бир жарым чакырым аралыкты түзөт. «Балким, Назарбаевге кошулуп кеткен оң эмеспи? Балким ал жакта дурус жана алар биздин жолдорду оңдоп беришер?», – дейт жергиликтүү жашоочу Сергей Малий.
Ал райондон келген аткаминерлер менен жолугушуу учурунда кыштакты Казакстанга кошууну сунуштаган. Активист чек аранын ары жагында жашоо кандай экенин жакшы деле билбейт, бирок мындан жаман болушу мүмкүн эмес деп эсептейт.
Кыштакта элүүдөн ашуун түтүн бар, балдар баткак жолдон өтүп мектепке барышат. Почта үсүл-кесил иштейт, тез жардам, өрт өчүрүү кызматтарын сааттап күтүүгө туура келет. Жакында жашоочулардын биринин сарайы өрттөнүп кеткен, өрт өчүрүү кызматы келгенде, баары эбак күлгө айланган.
Дувановкалыктар кыштакта жок дегенде бир дүкөн ачууну же азык-түлүк үчүн Казакстанга барып келип турууга уруксат берүүнү сурашууда. Буга чейин орусиялык жана казакстандык кошуналар бири бирине тез-тез каттап турчу, бирок бүгүн аймак чек арасы кулпуланган.
Кыштакты Казакстанга кошуу идеасына көпчүлүк олуттуу карай элек. Дубановалыктар мындай сунуштар менен тек бийликти чычалатууну көздөшкөнсүйт. Бирок облус жана район жетекчилиги кыштактын көйгөйлөрүнө көңүл бөлө элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ