Menu

Төлгөчү: Президенттин иниси жаштарды саясаттын чордонуна алып келүүгө кол кабыш кылат

Бөлүшүү:

Келекте улуу муундагылар саясаттан сурулуп, жаштар кызматка келет”

– Азыр көптөр “өкмөт биз күткөндөй түзүлбөй калды” деп капа болуп жатат. Шашып, туура эмес жыйынтык чыгарып албагыла. Бул иштин башы эле. Келечекте улуу муундагылар саясаттан сүрүлуп чыгып, мамлекеттик кызматтардын басымдуу бөлүгүн жаштар ээлейт. Президенттин иниси мына ошол жаштарды саясаттын чордонуна алып келүүгө кол кабыш кылат. Буюрса, ал жетектеген партия мамлекетте маселе чечкен негизги партияга айланат.

“Президент мазарларга маани берсе, зоболосу кетерулет”

– Президент “элдик киши болом, элиме карты иш кылбайм”,-десе, ыйык жерлерди, ата-бабабыз сыйынган мазарларды көтөрүшү керек. Мазарларга маани берип, аларды оңдоп, түзөө иштерине кол кабыш жылса, зоболосу бийиктейт. Орто Азия жана эл аралык аренада абройлуу президенттерден болот. Эгер мазарларга көңүл бурбаса, анын кесепетин тартат. Башкача айтканда, күтүлбөгөн, опурталдуу жагдайларга туш болуп калат. Ошентсе да, Сооронбай Жээнбеков адилеттүүлүк орнотууга аракет кылат. Камалып, кылмыш иши козголуп, саясый буйруктун айынан азап тартып жаткандарга араачы түшөт. Көптөгөн токтотулган кылмыш иштери жанданат. Сот системасында дагы алмашуу коп болот.

“Жогорку сопун терайымы ишине так болбосо кызматынан жаманапы болуп кетет”

Баса, Жогорку соттун төрайымы да мөөнөтүнөн мурун кызматын токтотуп калышы ыктымал. Ал азыр президенттин жеке көзөмөлүндө турат. Кээде жакса, кээде ачуусун келтирип жатат. Кыскасы, Жогорку соттун төрайымы да сак болуп, ишине так болбосо ал да кызматынан жаман атты болуп кетет.

“Бу сапар башпрокурор эркек киши болот”

– Башкы прокурорлук кызматты аркалап, кызматынан кеткен Индира Жолдубаеванын ордуна бу сапар эркек киши келет. Буюрса, эркек киши башпрокурор болуп шайланат.

“Абылгазиевге эки жерден тузак коюлган”

– Мухамедкалый Абылгазиев түз жүргөн, ишинен майнап чыгара билген, эч кимге карасанатайлык кылбаган адам. Бирок, аурасы оорлошуп баштаптыр. Элдин назары түшүптүр. Бул киши премьер-министр болгонго чейин эле жетиштүү душман топтоп алыптыр. Аны оодарып түшүүгө эки жерден тузак коюлуптур. Өзүнө сак болбосо, президенттин ишенимдүү адамы экени деле маселе чечпей калат.

“Курсан Асановго оомат келет”

– Мага түшкөн төлгөнүн аяны боюнча, орган кызматкерлеринин арасынан эмнегедир Курсан Асановго оомат келе жатат. Буюрса, даражасы жогорулайт. Ага ал күтпөгөн ийгилик жылмаят.

“Албек Ибраимов кызмапан кетип, кылмыш иши козголот”

– Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов сыр бербей кызматында баштагыдай эле иштеп жаткандай түр көрсөткөнү менен эмнегедир коркуп жатат. Анын кооптонгонунун  жөнү бар. Ал жакында кызматынан айрылат. Ал тургай коррупцияга шектелип, кылмыш иши козголот. Кыскасы, мурдагы жеп-ичкендеринин азабын тартат. Бирок, ал өзүн сооротуп, “жакшы иштедим, шаарды гүлгө болоп, жашылдандырдым” деп иштерман кишидей сезип жатат. Канча жан алакет кылса да ал кызматынан кол жууйт. Ал тургай буга чейин жегён ичкендерин кусат.

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: