Menu

Ташкент шаарына жаңы аким дайындалды

Бөлүшүү:

26-апрелде Ташкент шаарын алты жылдан бери башкарып келген Рахмонбек Усманов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кетти. Өзбекстан борборунун акиминин орун басары болуп Жахонгир Артыкходжаев дайындалды.

Буга чейин 43 жаштагы Жахонгир Артыкходжаев мамлекеттик Tashkent City ишканасынын директору жана Artel Engineering жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы болгон. Ошону менен бирге ал алюминий жана пластик терезе, эшиктерди чыгарган компаниянын ээси катары белгилүү.

Жахонгир Артыкходжаев саясий чөйрөдө бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин өлкөдөгү ири бизнес-долбоорлорду толук көзөмөлгө алуу менен белгилүү боло баштаган.

Жергиликтүү ММКлар Ташкент шаарынын мурдагы акими Рахмонбек Усманов «Узавтотранс» агенттигинин башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалганын маалымдашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: