Ереванда эки күндүк тыныгуудан кийин кайрадан нааразылык акциялар башталды. Демонстранттар шаардын көчөлөрүнө жөө жүрүшкө чыгышып, жолдорду тосушууда.
Буга чейин оппозициячы жана нааразылык кыймылдын лидери Никол Пашинян тарапташтарын кайрадан каршылык акцияларына чыгууга чакырган.
Өлкөнүн Улуттук кеңеши жаңы премьер-министрди шайлоо маселесин 1-майдагы атайын жыйында талкуулайт.
Арменияда апрелдин ортосунан бери өлкөнүн мурдагы президенти Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына каршы акциялар өтүүдө. 23-апрелде Саргсян отставкага кеткенине карабастан, байликтеги Республика партиясына каршы нааразылыктар уланууда. Партия премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтпөй турганын билдирди. Парламенттеги көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгып кеткен «Дашнакцутюн» фракциясы менен оппозициялык «Гүлдөгөн Армения» партиясы премьерди шайлоодо Никол Пашинянды колдой тургандыктарын жарыялашты.
АКШнын Мамлекеттик департаменти тараптарды зомбулуктан карманууга жана өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ