Menu

Мирзиёев акимдерден Ташкентке 1 млн долларлык инвестиция тартууну талап кылды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 26-апрелде видеоселектордук жыйын өткөрүп, Ташкент райондорунун акимдерин сындады.

“Ташкентке жаңы башчы дайындалганынан бүтүм чыгаргыла. Татыктуу, жөнөкөй, патриот кишилер көп… Бир эле кепилдик бар – элдин талабын канааттандыруу. Кандай жол менен? Күн сайын жаңы демилге көтөрүп, иликтеп, аракет жасоо зарыл. Отуруп алып, көз боёомочулук менен алектенгендердин кереги жок”, – деди Шавкат Мирзияев.

Өзбекстан башчысы эгер Ташкент шаарынын район акимдери 1 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартпаса, аларды иштен аларын айтты. “Баарын иштен алам. Дагы 6 ай күтөбүз, анан бир гана аким калат жана анын 11 жардамчысы болбойт. Ташбакадай болуп жүрсөк, элдин жашоо деңгээлин көтөрө албайбыз. Андыктан мен бул кадамга барууга аргасызмын”, – деди Мирзияев.

26-апрелде Ташкент шаарынын акими Рахмонбек Усманов иштен алынган. Борбор калаанын башчысынын милдетин аткаруучу болуп “Артель инжиниринг” компниясынын директору Жахонгир Артыкходжаев дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: