Menu

Кызыл-Аскерде бир жигит 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылган

Бөлүшүү:

Кызыл-Аскерде бир жигит беш жашар кызга ыдык көрсөтүүгө аракет кылды. Бул тууралуу журналисттерге айылдын тургуну Акыл Осмонов билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя Нарвский көчөсүндөгү № 86 үйдүн жанындагы оюн аянтчасында болгон. “Балдар адаттагыдай ойноп жаткан. Бомжго окшогон бир жигит алардын айланасында жүрдү, бирок эч ким ага көңүл бурган жок. Ал 5 жашар кызды селкинчектен түшүрүп, четке алып кетти. Андан кийин ал кызды тизесине отургузуп, ага ыплас нерселерди кыла баштады”, – деди күбө.

Ал белгилегендей, жергиликтүү тургундар кол салган адамды кармашкан. “Бирок ал өзүн актоого аракет кылып, кичинекей кыз анын карындашы болот экенин айтты”, – деди Акыл Осмонов.

Тургундар милицияны чакырышкан.

Учурда милиция кызматкерлери ошол жерде иш алып барышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: