30-апрелде Кабулдун борборундагы кош жардыруудан кеминде 21 киши мерт болуп, дагы 30у жараат алды. Экинчи жардыруудан окуя болгон жерге барган Эркин Европа/Азаттык радиосунун журналисти дагы каза болду.
Маалыматка караганда, жанкечти алгач мотоцикл менен Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын жанында өзүн жардырып жиберген.
Экинчи жардыруу ошол эле райондо жайгашкан Шаардык өнүктүрүү министрлигинин имаратынын жанында 20 мүнөттөн кийин болгон. Жардыруучу затты өзүн журналистмин деп тааныштырган адам кызматкерлер имаратка кирип жаткан маалда аракетке келтирген.
Расмий маалыматтарга ылайык, эки жардыруудан жалпысынан 21 киши мерт болду. Алардын арасында Эркин Европа/Азаттык радиосунун журналисти бар. Радионун дагы бир кызматкери жараат алган.
Өткөн жумада Кабулда шайлоочуларды каттоо борборундагы жардыруудан 60 киши мерт болуп, 120сы жаракат алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ