Соңку убакта президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов тымызын интрига менен шугулданганы, Алмазбек Атамбаевге айрым депутаттарды, ошол эле КСДП фракция лидери Иса Өмүркуловду жамандап, ынтымакты бузууга ашыкканы кандай? Иса мырзадай азыр Атамбаевге күйгөн эч ким жок. Бирок, Фариддин ичи тарып, жеке кызыкчылыгынан көтөрүлө албай жатканы таңгалдырат. Баса, Ф. Ниязов өзү кубулуп, жакын санаалаштарына Атамбаевди жамандап, сөгүп-сагып жүргөнү далилденеби? Эмесе, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жакшылап изилдей койсо эле Фариддин бетин ачып койсо керек…
Булак: Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ