Кадамжай сурма комбинатынын административдик имаратын сатыкка «Ош электр» ишканасы койду. «Ош электр» ишканасынын басма сөз катчысы Талгат Алихановдун билдиргени боюнча, имарат комбинаттын электр энергиясына карызы үчүн бир нече жыл мурун «Ош электрдин» карамагына өткөрүлгөн.
Комбинаттын административдик имараты ушуну менен экинчи ирет аукционго коюлууда. Имараттын жалпы аянты 627,52 чарчы метр. Башкы баасы 14, 689 млн сом деп бааланган. Аукцион 27-февралда өтөт. Кадамжай сурма комбинатын 2005-жылы Казакстандын «АТФ инвест» аттуу компаниясы сатып алган. Казак ишкерлери комбинаттын 8 миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар инвестиция салууга убада беришкен. Бирок тескерисинче комбинаттын карыздары көбөйүп, Социалдык фондго карызы 32 миллион сом, «Ош электрге» 70 миллион сом, «Кыргызалтынга» 80 миллион сом карызы бар экени кабарланган.
75 жылдан бери иштеп келе жаткан Кадамжай сурма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган. Кадамжайдын сурмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан мыкты деп табылган.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ