– Бек мырза, жаңы өкмөттүн курамына кандай баа бересиз? Тажрыйбалуусу, ага удаа арасында илең-салаң болгон “арык-торугу” да келгени сөз болууда. Сиздин пикир кандай?
— Өкмөттүн курамы көпчүлүктү, анын ичинде мени деле кубандырган жок. Мурдагы кабинеттин жарымы эле кайра келди да. Бирок, түшүнүп турабыз, бул өкмөт башчы, керек болсо ажо дагы азыр өз каалаганындай кыла албайт. Партиялык, коалициялык көпчүлүк берген кадрлар менен гана иштешүүгө тийиш. Тилекке каршы, бул система (парламенттик башкаруу) акыры келип өлкөбүзгө чоң зыяндарды гана алып келип жатат. Жоопкерчиликти мурда президент алып, кези келсе жооп берчү. А азыр 120 депутаттын кимиси жооп берип жатат?
– Мурда-кийин эки жээкте жүрүшсө дагы Сооронбай Жээнбеков Досалы Эсеналиев баштаган тажрыйбалуу кадрларды жумушка тартып, кадрдык жүрүштөргө жан киргизип жатат го, бул жагына кандай оюңуз бар?
— Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы эл тарабынан шайланган өлкөбүздүн башчысы. Ошондуктан, ал бир партиянын же бир ууч саясый топтун башчысы эмес, бүтүндөй жумурай-журттун атасы десек болот. Өлкө башчыбыздын соңку убактагы кадрдык жүрүштөрү, ошол эле Досалы Эсеналиев баштаган кадрларды мурда-кийинки саясый көз караштарына, тутунган позицияларына, өздөрү мүчө болгон саясый топторго карабастан, профессионал кадрларды бийлик бутактарына тартып жатышы алкоого гана татыйт. Өлкө башчыбыз ушундай алгачкы кадамдары менен карапайым көпчүлүктүн назарын өзүнө буруп, үмүт жаратууда.
Ийгилик Болсунбаев
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ