Түштүктөн чыккан саясатчылардын “көзүрү” Камчыке менен кеңири маектешүү оюбуз бар эле. Мындай оюбузду буга чейин үч-төрт ирет сунуштасак, экс-министр Бишкекте эместигин айтып оозун жыя электе, аны баш калаабыздан көргөнүбүздү кайда катат элек? Динден түшүнүгү бар, эл көзүндөгү мындай инсандын калптын “касиетин кетирип айтканы” Кудайга деле жакпайт да, туурабы? А биз азырынча интернет аркылуу Камчыке менен болгон кыска-нуска баарлашуубузду гезит окурмандары үчүн да сунуштап койдук.
– Камчыке, жаңы өкмөттүн курамынан карааныңыз көрүнбөдү. Бул сапар сизге кызмат сунушташкан жокпу?
— Мен азыр башка жакта жүрөм. Кызмат боюнча азырынча эч ким менен бул маселе боюнча сүйлөшкөн жокмун.
– Адилетсиз жагдайда камакта отурган саясаттагы устатыңыз Бекболот Талгарбековду бошотуу боюнча жаңы бийликке сунуш киргизип көрдүңүзбү?
— Алар мени укпай коюшту. Бирок, жеке өзүм колумдан келген баардык аракетим менен Бекболот Талгарбековичтин үй-бүлөсүнө каралашып турам.
– Алдыдагы саясый максаттарыңыз кандай? Шайлоо алдында Сооронбай Жээнбеков менен кыналыша сүрөткө түшүп аттыңыз эле, ал киши президент болгону жолугуп, сүйлөшө алдыңызбы? Кызматка баруу жагыңыз качан чечилчүдөн?
– Абал тез өзгөрүп кетиши мүмкүн…
Калыгул Бейшекеев
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ