Menu

Кара пиар, “маалымат согушунун диверсиялык ыгы” мындан ары да күчөйт, Атамбаевге бүгүн кызматтан кеткендер кошулат

Бөлүшүү:

Мурдараак коомубуздун саясат айдыңында “маалымат согушу” башталганын айткан элек. Бүгүн бул “согуш” диверсиялык ыкка өткөнү байкала баштады. “Маалымат согушунун” да түрлөрү көп. Бири-бири менен ачык чыгып согушкан тараптар болсо, партизандарча ичтен кирип тымызын иш бүтүргөн диверсиялык түрү болот. Биз бүгүн ушул “маалымат согушунун” диверсиялык түрү жөнүндө сөз кылганы турабыз.

Президент С. Жээнбеков менен экс-Президент А. Атамбаевдин ортосундагы пикир келишпөөчүлүк күчөп отуруп экөөнүн саясый аренада бөлүнүшүнө алып келди. Бул жөн эле “Дос эми сен өз жолуң менен кет. Мен өз жайымда тынч калайын”- деген бөлүнүшүү болгон жок. Андай болбойт да эле. Кептин ачыгын айтуу керек, Сооронбай Жээнбековдун Президент болуп шайланышына А. Атамбаев чоң себепкер болгону чындык. Биз баарыбыз “Атамбаев азамат, чоң эрдик кылып кызматын мөөнөтүндө өткөзүп берди. Бир гана ушул эмгеги үчүн Президенттик кызматта иштеп турганда кетирген кемчилдиктерин кечирүү керек”- дегенибиз менен чындай келсе кызматты жарылганы турган коомчулуктун кысымынан коркуп гана “ичинде ит өлүп” айла жок өткөзүптүр. Экинчиден өзү тандаган адамды бийликтин күчүнө салып Президент кылып шайлатып алып “аталык” болуп анын кежигесине отуруп, каалагандай бийлик жүргүзөм деген тура. Мындай арам оюн Атамбаевдин жасаган акыркы саясый кадамдары ачыкка чыгарып койду.

Тилекке каршы андай болбоду. Эл шайлаган Президент С. Жээнбеков “Кызмат кызматы менен. Достук достугу менен”- деп койду. С. Жээнбековдун мындай кадамга барышына керек болсо Атамбаев өзү аргасыз кылды. Бир тарабында неченди башынан өткөзүп, жедеп саясый оюндарга бышыккан кыргыз коомчулугу жаңы шайланган Президенттин ар бир кадамын лупа менен карап турушат. Экинчи жагынан Атамбаев “Бул ишти мындай кыл. Тигиге тийбе. Баланчаны кызматка көтөр”- деп ашыкча киришүүсү С. Жээнбековду тажатып жибергени көрүнүп турат. Кемчилик кетсе жоопкерчилиги Жээнбековдо болсо ойлоно турган иш да. Деги эле Президент деген кызматтын өзүнүн аткара турган башкы милдети, мамлекетке, улутка, шайлаган элине гана ак кызмат өтөөнү талап кылат. Президент деген кызматта отурган адам дос, тууган, жакын, жердеш дегенди унутушу керек. Ушундай эки жактан болгон кысымда Сооронбай Шарипович туура жолду тандады. Мамлекеттик кызыкчылыкты сатпады. Эл жагына өттү. Достуктан кетүүгө аргасыз болду. Президент болуп шайлангандан кийин Алмаз досу ушунчалык майда иштерден бери кийлигишип башкарат деп мурда ойлобосо деле керек.

С. Жээнбековдун айтканын так аткарбай моюн толгой башташы А. Атамбаев үчүн катуу тийип адатынча “балп этмейлерин” баштап, “Жээнбеков менин ишенимимди актаган жок. Керек болсо сатты”- деген кыяздагы ойлорун ачык айтып салды.

А. Атамбаев 6 жыл Президент болуп бардык бийликти жеке өзү уучунда ууштап турду. Парламентиби, өкүмөтүбү, тур десе туруп, жат десе жатты. Каалаганын каматты. Кууганын кууду. Көчөдө жүргөн көмөч-самсы сатканды министр кылды. Базаркомду губернатор кылды. Мыйзам дегенди уруп да ойногон жок. Билими туура келеби, деги эле билими барбы-жокпу карабады. Алабарман-дөөкүрсүгөнү ушунча болду Президент мыйзамдын гаранты экенин такыр унутту. Секратары Генпрокурор, коомдук уюмдарда иштеген сексейген кыз Билим берүү министри болгону буга ачык далил. Оюнда, “Мен мамлекетти каалагандай калчайм. Эмне кылсам өзүм билем”- деп кыйындыгынан ушуну жасагансып мактанып, корустон болсо керек. Түшүнгөн адамга бул анын денгээлинин такыр жоктугу, орой айтканда акмактыгы болчу. 6 жылда көнө түшкөн адатын улантам деген, ою ойрон болгондо жөн жатмак беле ызасы ичин жарып ачыкка чыкты.

Эки достун ажырашканы ачыкка чыгары менен “маалымат согушу” башталып кетти. Бул да боло турган иш эле. Күтүүсүз тараптан Президент С. Жээнбековдун ишине, тууган-тушкандарына карата сындар айтыла баштады. Алгачкы асылуу ЖК депутаты Асилбек Жээнбековдон башталды. “Биз үй бүлөлүк башкарууга жол бербейбиз. Асилбек депутаттыктан кетсин” деп Атамбаев өзү баш болуп айтып чыкты. Кыргыз эли “Үй бүлөлүк башкаруу”- деген сөздөн көңүлдөрү үч көчкөн журттай калган. Ошондуктан Атамбаев “Үй бүлөлүк башкарууга жол бербейбиз”- десек коомчулук бизди колдойт деп ойлогон. Тескерисинче коомчулук Асилбекти колдоп туруп алды. Бул жерде да Атамбаевдин тилеги таш капты. ТЭЦтеги былык иштерди Атамбаев уялбай өзү чыгып Президент С. Жээнбековго жабыштырууга аракеттенип пресс-маалымат берди. Бул жүрүшүнөн да майнап чыкпады. Кыргыз коомчулугу сабаттуу экенин көрсөттү. Президент С. Жээнбеков ал иште таза экенине ишеништи.

Иштеп жаткан Президенттин айланасындагылар тууралуу тымызын кара пиар жүргүзүү күчөбөсө бүгүн да токтогон жок. Уруусуна чейин асылган маалыматтар чыкты. Жаңы болгон Генпрокурорду кудасынын досу экен деген маалымат байма-бай чыкты. Тактай келгенде кудасы менен жаңы Генпрокурордун жаш айырмасы 10 жашка чукул экен. Кыргызда деги эле кайсыл улутта болбосун ашса 5 жаш аралыгындагылар дос болушат. Мындай ушактын тарашынын башкы максаты эле “Үй бүлөлүк башкаруу башталды” деген ойду коомчулукка тымызын сиңиртүү болууда. “Жарытылуу иш деле кыла элек” деген маалыматтар байма-бай кетүүдө.

Бүгүнкү күндө Президент С. Жээнбеков жеке өзүнүн туура жүргүзгөн иш аракетинин аркасы менен гана эл астында кадыр-баркка жетип колдоого ээ болууда. Ошондой эле эркин басылмалардын да көпчүлүгү өз ыктыйарлары менен Президенттин ишин туура көрсөтүшүүдө. Чогуу иштеген тегерегиндеги команда жаңы топтоло баштады. Мамлекеттик ММК жаңы шайланган Президентти кантээр экен дегенсип сынагандай мамиле кылышууда. Болбосо коррупциялык иштер боюнча канчалар камалды. Эмнегедир мамлекеттик массалык маалымат каражаттары ыргылжың го. А. Атамбаевдин тушунда саясый көрсөтмө менен камалгандардын үй мүлкүн, машиналарын, болгон байлыгын тизмектеп 24 сааттын ичинде 48 жолу көрсөтүүчү КТРК кайда кеткен? 200 миң доллар пара алып прокурор кармалды. Коомчулук али толук билбейт. 600 доллар ат тиш, 14 миң доллар көрмө камера, 54 миң доллар кондиционер, 300 миң доллар лифт тууралуу деле такталган маалыматтар айыл жерине чейин жете элек. А. Атамбаевдин учурунда ушундай чоң коррупциялык иштер ачылганда мамлекеттик ММК башка көрсөтүүнү бүт токтотуп ушул иштерди эле түрлүү жагынан көрсөтүп туруп алышмак. Мисалга Ө. Текебаев, С. Жапаров, К. Исаев тууралуу көрсөтүүлөр элдин эсинен чыга элек го дейм. “Ат тиш 600 доллар турганы эмне деген шумдук”- дегенге жеткизип коюшмак. Бир чети бул да мыйзам ченемдүүлүк. Себеби көп тармактарда али да А. Атамбаев өзү койгон кадрлар отурат. Алар С. Жээнбековдун кадыр-баркы үчүн иштегилери келбей жатат.

Кара пиар, “маалымат согушунун диверсиялык ыгы” мындан ары да күчөйт. А. Атамбаевге бүгүн кызматтан кеткендер кошулат. Камалып аткан коррупционерлердин командалары кошулат. Келечекте камалуучу коррупционерлер астына ала кошулушат. Коркунучтуусу, буларда каражат да, дасыккан кесипкөй адам ресурс да жетиштүү. Коомдун талуу жерин кармап иштегенди да билишет. Маалымат булактары да мамлекеттик ММК кем эмес бар. Күтө бергиле. Укмуштуудай ушактар чыгат. Жердешчилиги, үй- бүлөлүк башкарууга ыктагандыгы тууралуу, бир туугандары, иши, койчу кылдан кыйкым издеген ойдон чыгарылган маалыматтар тынымсыз кете баштайт. Буга татыктуу жооп учуру менен берилбесе коомдо ыргылжың пикир пайда болот. Бир мыйзам ченемдүүлүк бар. Адамдар жакшыга эмес жаманга көбүрөөк ишенет.

Президент Сооронбай Шарипович өтө татаал жана оор жолду тандап алды. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган 27 жыл ичинде коррупцияга кулагынын учуна чейин баткан. Кайсыл гана тармакты алба пара бермейин, тааныш, тууган салмайын иш жүрбөй калган. 1995- жылдан баштап 2018- жылга чейинки мамлекеттик кызматта иштешкен бюджеттик каражатка тиешеси бар айыл өкмөттөн баштап Президент, Премьер министрге чейин болбоду дегенде 95 пайызын четинен алып келип эле камай берсе болот. Иштеген иштерин караса эле былыктары чыгат. Бүгүн дүйнөгө күлкү болуп аткан 54 миң доллар турган кондиционер, 600 доллар турган ат тишке ошентип “Кыргызстанда боло берет” деген көнүмүшкө айлангандыктан жетип отурабыз. Эгер коррупция канды мите курттай сорбогондо Кыргызстан эчак гүлдөгөн бай мамлекетке айланмак. Качкан эки Президент эле мамлекеттин тышкы карызынан көп каражатты алып кетип атышпайбы.

Президент бүгүн коомчулукка, элге катуу таянууда. Эл канчага таяныч болуп бере алат бул да чоң суроо. “Кара пиар” деген да оңой эмес, ичке түшкөн куртча тымызын өз ишин кылат. Президент С. Жээнбековдун командасынан маалымат майданын туура нукка түшүрүп, мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштерди өз учуру менен коомчулукка туура жеткизип, Президенттин мыйзамдуу идеологиясын жүргүзүп, “кара пиарларга” учурунда татыктуу жооп берип иш алпаргандар азырынча байкала элек. Баягы эле коомчулуктун эркин маалымат таратуучулары болгон чындыкты коомго жеткиришүүдө. Эл деген суу сыяктуу, эртең тескери бурулса Президент кантээр экен? Мени ушул суроо түйшөлтөт. Президент айланасына өз командасын топтоодо. Алар эртең кандай иштеп беришет? “Атамбаевдин учурунда ат тиш 600 доллар экен, биз 100 долларга түшүрдүк. Ушуга сүйүнгүлө”- дечүүлөр чыкпайбы? Туш тарабынан кыскан кысымга, оор жүккө чыдап Кыргызстандагы коррупция менен аягына чейин тике туруп күрөшүүгө Президенттин саясый эрки, ден соолугу жетээр бекен? Эрки, ден соолугу жетсе Президенттик мөөнөтү жетээр бекен? Бул суроого жоопту келечек өзү берет. Аман болсок күбө болобуз.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: