Menu

Мээси иштегендер, барсыңарбы?

Бөлүшүү:

Кээ бир атка минерлер капталдан чыга калып элге күйүмүш эткени ичиңди эзет. Мына кытай басып аларына аз калды, карызыбыз 2 миллиард доллардан ашып кетти, эми кантебиз,-деп кокуйласа саамга чыдап тура албайсың. А бирок, карыздан кутулуш үчүн кандай айкын жолду сунуш кыларын дегеле айтпайт,чиркин!

Эмесе, мындай пикирди токуй кетели. Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен байыган олигархтардын саны канча,эки жүзбү? Анан коррупцияга шектелгендер деле толуп кетпедиби,чынбы? Ошол эле Раим “миллиондун”, Чудиновдун, Жапаровдун, Пирматовдун,Бабановдун, Шадиевдин, Исаеванын, Маматовдун жана башка көпөстөрдүн каражатын атайын эсеп ачып которо баштасак эле кыйла карыздан кутулуп калмакпыз. Мындай элдик демилгеден Аскар Салымбеков четте калбай каражатын салып койсо кембагал болуп кетпейт. Өзбекстандын билерманынын чачпагын көтөргөн Шаки деле карыздан кутултууга аракетин кылсын. Дагы көмүскөдөгү кыймылсыз мүлктөрдү,айрыкча качып кеткендердин саан уйдун сүтүндөй болуп саалган сөлкөбайларын басып алгандардын эсебин табуу кажет. Андан түшкөн миллиондорду эсепке салсак укмуш жүрүш жасаган болор элек. Чети оюлбаган байлыктарды из кубарлар чуурутуп чыгып пайдалуу ишке салууга убакыт келди. Жаңыдан кызматка келгендер күч түзүмдөрүнүн төбөлдөрү кана,көрсөткүлөчү өзүңөрдүн дымагыңарды? Кулматов да мурдагыдай эркелей албайт. Бажыны катуу кармап, солго кеткен акчаларды мамлекетке толук түрдө буруусу мезгилдин өктөм талабы.Андан көрө ак үйдө отурган акылдуу кеңешчилер карыздан кутултуунун амалын издегиле? Жылуу жерден жай алсак эле жыргализмге чөмүлөбүз деген кыялдан арылуу кажет. Кыймылдагыла, кыйраткыла ошондо карызга баттык деп озондогондордун оозу жабылат.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: