Menu

Көпчүлүк депутаттар Төрөбаевди колдойбу?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш бир жумадан бери спикерди шайлоо маселесин чынында чоң оюнга айлантып жиберди. Акыры көпчүлүк коалиция да бир талапкерге токтоло албай, Исаев менен Төрөбаевди алып чыгышмай болду. Ал ортодо “Ата Мекен” Айсулуу Мамашеваны алып чыгабыз деп жар салса, “Республика-Ата Журт” Руслан Казакбаевди алып чыгарын билдирген болчу. Кыскасы, спикер маселеси жумшак рейтинг менен чечилгени калды. Көпчүлүк депутаттар, айрыкча “Республика-Ата Журт”, “Бир Бол” фракциялары Төрөбаевди колдоору тар чөйрөдө кызуу кеп болууда. Себеби, аталган фракциядагылар Бакыт мырзаны абройлуу деп эсептешет экен. Эми кимиси абройлуу экенин бүгүн көрө жатабыз. Неге дегенде Исаев деле Төрөбаевге оңой жоо эмес да…

Эгер бул эки талапкер тең чабылып, өтпөй калса, КСДП Иса Өмүркулов менен Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин карап, бирөөсүн спикерликке түртөт. Бирок Исаев же Төрөбаев кимиси көп добуш алса, ошонусу экинчи ирет шайлоого чыгышы да мүмкүн.

Булак: “Багыт kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: