Menu

Дүйшөн Керимов: «Калп, каракчы, уурулуктан – кыргыз мамлекеттүүлүгү кыйын кезеңге келди…»

Бөлүшүү:

“Башчысы болбой марыбайт,

Башаламан жарыбайт…”

“Манас”

— Кайсы элде экенин билбейм, “Өткөөл мезгилде жашап кал!” деген каргыш сыяктуу сөз бар экен. Дүйшөн агай, өткөөл мезгил, өткөөл доор дейбизби, деги эми мындай башаламан, эртеңкиси бүдөмүк жашоодон кыргыз эли чыгаарына көзүңүз жетеби?

— Көкөйдөгү, көкөй кести кокуй суроо бербедиңби… Кыргыздын мамлекеттүүлүгү тээ хунн, гунн деген, тарыхтын бүктөмүндө калган байыркы империялардын тушунда эле бар экендиги, ал гана эмес Саян тоодон Орол (Урал) тоого чейинки кыйырларда улуу каганат кураган же батыштын тарыхчылары белгилегендей “Алтын доор” ооматтуу кезеңге да туш болгон, азыркы кытай тарыхчысы Ван Жие айымдын далили боюнча «кыргыз» деген аталыш, этимология кытай летопистери боюнча 4000 жылдан арыдан бери келаткан эл экенибиз, демек, тамыры, рух уңгубуз абдан тереңде экендиги да чын. Тагдырдын буйругу экен, асмандан кут түшкөндөй болуп эгемендик алганыбызга 27 жылга чамалап баратат. Анда төрөлгөн наристе азыр киши куракка жетти. А биз Акаев бүлгүн-чапкынынан ушунчалык оор сокку алган экенбиз, башыбыз карыздан чыкпай, балдарыбыз тентигенден тентип, Калыгул, Арстанбек боздоп айткандай: “Тоо токол болуп, токол бий болуп, кум чогулуп таш болбой, кул чогулуп баш болбой…” айтор, азаптан башыбыз чыкпай, Кубат аке Жусубалиев жазмакчы: “Менин эле кара башыма көрүнсүн…” эртеңибиз бүдөмүктөн бүдөмүк тартып барат…

— Бийлигибиз алмашып, чырмооктой чырмаган коррупцияга каршы күрөш жанданып, жаңы турмуш келээр дегендерге сиз анда ишенбейсизби?

— Билесиңби, элибиз азыр эч кимге ишенбей турган ал-ахыбалга небак жеткен. Ал эми аркы-беркини жобурап, прогноздоп жаткандар баягы дүжүр серепчилер, саналуу сан тийбеген саясатчылар эле… Эмнесин айтасың, бир кезде Швейцарияга айландыруунун кур кыялкечи Акаевдин, Акүйдү автомат менен коргоонун күжүрмөнү Бакиевдин, тарыхта сейрек кездешээр бир жарым жылдык президенттик доордун каарманы Отунбаеванын, андагы митингдерде ыйлап, кайра-кайра Кудайды оозунан түшүрбөгөн Атамбаевдин убадалаган жыргал заманы ушул беле? Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга карай кетип атыптыр. Анын 40 пайыздан көбүрөөгүн коңшу Кытайдан алыптырбыз. Тагыраагы, Атамбаевдин “акылмандыгы” менен анаконда жылаанынын оозуна кептелген коендун бөжөгүнүн кейпин кийгенибиз дайын болуп отурат. Мен бул жөнүндө эки айча мурда ушул “Жаңы-Ордого” жарыяланган интервьюда айттым эле. Кыскасы, азыр бардык эксперттер, депутаттар, жарандык коом дейбизби, Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес адамдар бейпайга түшүп, безилдеп жатышат. Ооба, акча берген Кытай күнөөлүү эмес дечи, а бирок Кытай карызын өз учурунда, мыйзамдын негизинде кынтыксыз, ары катаал позицияда доолап, акчалай, натуралай (кен байлык, жер участогу ж. б.) алып алаары ачык-айкын боло турган иш экен. Мына ушунун өзүнөн, кийин карызын учурунда төлөй албаса бара-бара кыргыйдан коргологон чымчыктын кейпиндеги уйгур элиндей татаал тагдырга урпактарыбыз кептелбес бекен, деген коогалуу суроо чыкыйында ойлоо сезими бар ар бир кыргызды тынч уктатпай турат. Калп, каракчы, уурулуктан кыргыз мамлекеттүүлүгү кыйын кезеңге келди. Кечээ эле самандай сапырылып алынган акчалардын жарымынан көбү көбүк, майнапсыз иштерге жумшалымыш эткендеги чуусу Датка-Кемин энергетикалык тармагынан, дегеле былтыр салынып, быйыл урап аткан кан жолдордон, борбордогу ТЭЦтен булайып чыга баштады…

— Анан да бир көчөттү сырттан кайсы арыбызга 9 миң сомдон сатып келебиз десеңиз?

— Деп эле атабыз, деп эле атабыз, аны уккан жан барбы, карындашым. Бийлигиң бир кол жеткис кереңге айланган да… Азыр ар бир чиновник өзүн керең эмес, терең сезет, эй! Кыргыз чиновниктери ушунчалык искусстволук деңгээлге жетти, бирөө жарымынын жөө жүргөнүн көрбөйсүң. А коомдук транспортко түшкөндөн уялышат түгөнгүрлөр, энесинин ичинен машине айдап түшүшкөнсүп. Мамлекеттик кызматта отуруп, элдин эсебинен айлык алып, бирок кабат-кабат особняктарды, кафе-барларды каяктан салышты? Мына, бир эле жыл аралыгында –маселен, мен кембагал 21 жылдан бери 12-кичирайондо күн кечирип ар күнү көрүп жүргөн “Асанбай” менен Орто-Сай айлынын ортосундагы сейсмологдор тарабынан коркунучтуу зона катары изилденген, СССР кезинде гүлбакчасы жайкалып турган талаага ширеңкедей көп кабаттуу үйлөр жайнап кетти го. Муну ким салып атат, же курган мамлекетте бир кирешелүү өндүрүш болбосо, же жалаң соода-чайкоочулук менен ушунча киреше тапкан киши барбы, же жанагы уурдалган миллиондор ушуга кетип атабы, эч кимден так жооп алалбайсың… Ошол мамлекеттик маанидеги, кечээ эле бак-шагы жайкалып турган айдыңдан, азыр абасы эң булганыч делген шордуу баш калаабызга таптаза желаргы келип турган ажайып аймакты мойсоп, ордуна коопсуздугу бүдөмүк асман тиреген үйлөрдү жаандан кийинки козу-карындай жайнатып курганга ким уруксаат берди?

Эми бир көчөт 9 миң сом дейсиң, бул бийликтин мурдагылары кезегинде алыскы Австралиядан жүз миңдеген долларларга сатылып алынган “алтын көчүк” кочкорлорду самолёт менен ташышпадыбы. Ошентип сомдогонго, шордуу элдин көзүн будамайлаганга ойда машыгышкан да булар…

— Байке, ушулардын баары эле сиз айткандай колго кармалгыс, өтө эле татаал табышмак маселеби…

— Жок. Баарына дапдайын, айрыкча чакан мамлекеттин башында отургандарга алаканга салгандай көрүнүп турат.

— Анда эмнеге баардыгын ордуна коё алышпайт? Же ага өзгөчө жаралган киши керекпи?

— Ооба. Жараткандан өзгөчө жаралган, эл, жер, мекенди бардыгынан жогору койгон, эсеби маселен, өзүбүздүн Айкөл Манас атабыздай көкжал мүнөз, же Ататүрктөй үй-бүлөсүнөн да кечкен өзгөчө бир жаралган киши керек. Бир эле кишинин эркинен бүтүндөй мамлекет саналуу убакыттын ичинде эле оң жолго түшүп, санаалуу жылдардын ичинде эле гүлдөгөн турмушка жеткени дүйнө тарыхында аз эмес. Ары жагын билбейм, береги миң жылдыктан бери байыркы кыргыз эли төгөрөгү төп келген, Мойт аке айткандай кыргызды бир бүтүн эл катары түшүнгөн, бир кеменгер эл башчыга муктаж жана зарбыз.

— Деги азыркылардан үмүт этүүгө болобу?

— “Үмүтсүз — ​шайтан”, имам мечитте баян айткандай, дал азыр ошол касиетке ишенип, кабыл алууга даяр болуп турабыз. Мен дагы экиленбей айткым келет: менин президентим Сооронбай Жээнбеков менен менин өкмөт башчым Мухаммедкалый Абылгазиевге ишенем жана ишенбеске аргам да жок! Анткени ишеничтин лимит-кору күндөн-күнгө түгөнүп барат, улуу коңшуга төлөй турган бересенин мөөнөтү да жөө тумандагы ажыдаардай берилеп келет. Эртең биз кетербиз, бирок улуу Алыкулдун керээз ырындай: “

“…Билсин бизди, жаш муундар мактасын,

Эскиртпесин, эстеринде сактасын.

Алдыбызда — ​өмүр турат түгөнгүс,

Артыбызда — ​өлбөй турган эл калсын!”

…Эзелтен эңсеп жеткен мамлекеттүүлүгүбүз, кыргыздын кан-жанына барабар эркиндигибиз жана Жер планетасынын көз мончогундай болгон асыл Ала-Тообуз кыргыз урпактарына түбөлүк энчиленип кала беришин ыйык Жараткандан сурап, тилене берели…

Суроо салган Зулайка Намазбек кызы

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: