Menu

Мискенбаев кээде “шамалдап” кетет

Бөлүшүү:

Аттиң, ыңкылап дегендин айрымдарга кесепети тийди деген кепти айтууга аргасыз болуп турабыз. Ооба, сегиз жыл мурда өлкөнүн тагдыры оорчулукка кептелген, аны танган эч ким жок. Айрымдар гана чанууга бел байлабаса. Бирок, ошонун аркасы менен “баатыр” болгондордун баарынын эле көз карашы, мекенчилдиги жайында дешке болбой калды. Анда эмесе туура кепти ортого сала кетели.

Өткөндө трагедиялык жагдайларда курман болгондорду эскерүү болуп өттү. Ошондо Мээрбек Мискенбаев өтө “жалындуу” сөздөрдү чогулгандарга тартуулады. Тилекке каршы анын “келечексиз” омкорулган кептеринин маңызы эмнеде экенин ар түркүн мааниде түшүнүүгө аргасыз болдук. Негедир кеткен, анан азыркы ажолордун ортосуна “чагылган” түшүрүүнү ниет кылган фразалар басымдуулук кылды. Чыныгы оратор адам антип эки достун арасына чок салбайт. Тескерисинче мамлекеттин туруктуулугуна, элдин ынтымак-ырашкердигине карата ыймандуу кебин узатат.

Албетте, муну кимдир бирөөлөр шыкактады деши турган иш. Анткени менен көккө “талпынуунун” натыйжасы нөл болуп калды. Негизи Мээрбек Мискенбаевдин “мээсинде” кээде шамал учуп калат дегенге себеп бар шекилди. Болбосо куудулдардын келекесине депутат болуп туруп алынмак эмес. Саясатты мистедей чагам деп оолукканыңдын көбүнчө зыяны тийип каларын деле баамдоого акылың жетсе буулукма шилекейиңди чачыратмак эмессиң деп койсок ашыкча болбостур? Эми болсо абдан үлкөн башчылардын “шектенүүсүнө” кабылды окшойт. Микрофон колуна тийгенде эрини жукалар эйфорияга алдырып жиберишерин далай көргөнбүз. Жооптуу мезгилде сүйлөөнүн өз эрежеси бар. Тойлордо го балжаңдап койсо боло берет, андай жерде кечиримдүүлүк орун алат. Ыңкылапты, анан мурдагы президентти ушинтип коргойм десе Мискенбаев чоң жаңылышат. Ал эми тилдин кесепети өтө опурталдуу экени ырас.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: