Menu

160 миллион долларды ким уурдаган?

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» фракциясында жаңы башкы прокурордун талапкерлиги талкууланып жатканда депутат Каныбек Иманалиев болочоктогу башкы прокурор Өткүрбек Асилбековичтен кылымдын дагы бир аферасы – «Датка-Кемин» электр чубалгылары линиясын куруу боюнча афераны ачууга эрдигиңиз, принципиалдуулугуңуз жетеби?» деп сурады.

Каныбек Иманалиев жен гана суроо бербестен, конкреттүү фактыларды да келтирди. Энергетик-эксперттердин маалыматы боюнча, 1 чакырым электр линияларынын өздүк наркы 180 миң доллардан 220 миң долларга чейин турат, ал эми Кыргызсганда болсо 1 чакырымы 640 миң доллардан, бүткүл дүйнөлүк баага Караганда үч эсе кымбатка курулган. «Датка-Кемин» линиясыньш жалпы узактыгы 405 чакырым турат. Кыргызстан Кытайдан 400 млн. доллар кредит алган, б.а. ар бир чакырымы 1 млн. доллардан туура келет. Бир чакырым жолду курууга
деле ушунча эле каражат кеткен. Жогорку чыңалуудагы бир электр мамысы 25 миң долларга тургузулат, бир чакырымга 3 мамы кетсе, ошондо 75 миң доллардан корогон болот да, туурабы? Анда калган акчалар каякта?

Эксперттер менен депутатгардын эсеби боюнча, «Датка-Кемин» электр линиясын куруудан 160 млн. доллар уурдалганы ачыкталабы? Карыз болсо жалпы элдин мойнуна илинип турат, аны биздин балдарыбыз, неберелеребиз төлөшү керек болот. Бул эмне, бийликтин кьшмышы эмеспи? Кытайларга болсо баары бир, алар өз акчасын кайра өндүрүп алышат, ал эми Кыргызстан болсо Тажикстан сыякгуу өз жерлерин жоготуп алышы мүмкүн.

Бул суроо базарда, же автобус аялдамасында эмес, Жогорку Кеңеште коюлду. Ошондуктан, биз да башкы прокурорго, УКМКнын жетекчилерине суроо берги-биз келет:  силердин бул ишти иликгейин деген оюңар барбы? Же кыш күрөөдө дагы Бишкек ТЭЦиндегидей авария болушун күтүп отура бересиңерби?

Тайлак Назымов

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: