Menu

Акылбек Жапаровдун «акылына» ким таӊсык?

Бөлүшүү:

Өзгөчө жетекчилер, депутаттар өлө калп айтышат. Жөн эле калп айтпай кудайды ала чуркашат. Айткандары таптакыр башка да кылгандары башка. Карагыла депутат Акылбек Жапаров «Бийлик, байлык деген күнүмдүк нерсе экенин эстен чыгарбай, кудайдан коркуп иш кылышыбыз керек. Мына мен Каржы андан кийин Экономиканы өнүктүрүү министри болуп турганда көптөгөн текшерүүлөрдү баштан өткөздүм, эгер кынтык таап алышса баса калышмак»-деп аппак кожо болсо ишенип кетесиӊ кээде.

Бирок, ошол эле маалда каржы министри болуп тургандагы «Мистер 10%»-деген жарлыгы моюнунда салпактап келе жатпайбы. Андан да Акылбек мырза куру акыл айтуу менен да өлө алектенет. Акыл айтса, тилинде сөөк жок, чиркиндики… «Кыргыз атуулу болгон соӊ өлкөгө, элге ак эмгек кылуу башкы максат болуш керек. Андыктан «жүз сомуӊ болгуча, жүз досуӊ болсун» дегендей элге ак кызмат кылсаӊ, эл эмгегиӊди баалайт»-деп акыл айткан Акылбек Жапаров өзү эч качан жасабай жана кылбай тургандарын башкаларга милдет катары ар качан жүктөп келет. Маселен, Жапаров элге кантип ак кызмат кылды? Ким айта алат? Жападан жалгыз өзү үчүн каруусун казык, канын азык кылып иштеп келатат. Эл дегенди эбак унуткан. Айта алабы, элге мына бул кызматты кылдым деп? Жок айта албайт. Анан да анын досторуна караганда  сомдору көп. Демек, экинчи айтканы да калп. Жашасын калпычылар деген гана ураан жетишпей турат да аттиӊ…

Булак: «Майдан. kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: