Menu

Түркмөнстан Казакстан менен болгон чек арасында коопсуздук чараларын күчөттү

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Казакстандын чек арага жакын жашаган тургундары үчүн өлкөгө кирүү жеңилдиктерин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Казакстандын Мангистау облусу боюнча Мамлекттик кирешелер департаменти билдирди.

Түркмөнстан эмне себептен чек арадагы коопсуздук чараларын күчөткөнү азырынча айтыла элек. Департаменттин маалыматына караганда, мындай чаралар болжол менен дагы бир нече күнгө созулат.

Казак-түркмөн чек арасында «Темир-баба» унаа жана «Болашак» темир жол өткөрмө бекеттери иштейт.

Эки тараптуу макулдашууларга ылайык, Казакстандын Атырау жана Мангистау облустарында туруктуу жашаган жарандар Түркмөнстандын Балкан аймагына визасыз беш күн кирип-чыга алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: