Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статус ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статус ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын тарыхый мурастарын сактоого кошкон өзгөчө салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статус ыйгарылсын жана мындан ары “Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи” деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: