Menu

Тажик жараны кыргыз баланы өз өлкөсүнө өткөрүп кетти

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасында кечээ, 22-апрель күнү кечке маал кайра чыр чыкты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 20:50 чамасында шарттуу чек ара сызыгынын жанында Каравшин дарыясынын сугат системаларын тазалап жүргөн тажик жараны 8 жаштагы кыргыз баланы мыйзамсыз кармап кеткен. Аны Тажикстандын “Ворух” анклавына алып барып, өз өлкөсүнүн укук коргоо органдарына тапшырган. Жарым сааттан кийин тажик тарап К. уулу Ш.ны кыргыз тарапка өткөрүп берди. Тажик тараптын чек ара кызматкерлери билдиргендей, тажик жараны кармалган баланы ага таандык экскаватордун айнегин талкалап салды деп айыптаган.

Окуяны уккан кыргыз жарандары тажик тараптын кылганына нааразы болуп, Аксай айылынын ортосуна чогулуп башташкан. Баш-аягы элүү – алтымыштай киши топтолгон. Бирок, эки тараптын өкүлдөрүнүн курал колдонуусуна жеткен жок. Ошол эле күнү Баткен тилкеси жана Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрү кырдаалды жайгаштыруу үчүн жолугушуу өткөрүштү.

Учурда Исфара-Ворух автожолунда унаа кыймылы жанданды. Мамлекеттик чек ара кызматынан маалыматына таянсак, топтошкон элдер деле жок. Чек ара менен чектеш аймактарда жергиликтүү бийлик менен чек ара кызматынын өкүлдөрү жана тартип сакчылары калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мурда кыргыз-тажик чек арасында жер, суу талаштан чыр чыкчу. Бирок бала уурдайт деген үрөйдү учурган факты катталган эмес. Андыктан биздин тиешелүү органдар тажик кесиптештеринен бул баланы уурдаган адамды жоопко тартуу маселесин катуу коюш керек. Ансыз мындай көрүнүш мындан ары да кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: