Menu

Ош базары: Кылмышка “шек жараткан” бийлик

Бөлүшүү:

Атаңды көрү, кайда бара жатабыз? “Ишенген кожом сен болсоң, оозуңду кандайын” дегендей эле болуптур бу жагы. Шаарда акыркы кездерде бир топ эле өрт кырсыктары болду. Эми аны жаманчылыкка жорубай, “эскилиги жеткендир” деп, этибар албай кырсыкка шылтаганыбыз менен Ош базардагы улам тутанган өрт кырсыгынын артында минтип шек жараткан жагдайды карап, жакабызды карманып турабыз. Чындап эле, өчөшкөнсүп өртүң да дал ошол Ош базарынан кетпей койгону чындап эле ичибизден бир топ шек саноолорду жараткан болчу. Чындыгын ким билсин, ошентсе да ал жайдагы соодагерлер деле ошондой ойдо экен. Бишкекте «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери беш күндөн бери базарда түнөп, иштеген жерин кайтарып жатыптыр. Алардын айтымында, базардын жетекчилиги бул жерге соода борборун куруу пландалып жатканын айтып, 15-апрелден тарта базарды жапкан. Ал эми соодагерлер базар жетекчилиги сунуштаган имаратка ижара акысы кымбат деген жүйө менен кирүүдөн баш тартышууда. Мындай талапка көнбөгөн соодагерлерди эми жетекчилик дагы бир балээни уюштуруп амалдуу аракетин көрөт деген таризде, сактыгын ойлогон соодагерлер өз товарлары жайгашкан аймакты кайтарууга алууда. Болушу эмнеге болбосун. Күйүп кеткен “Берекет” соода базары деле азыр имарат курууга айланбадыбы. Айран таң калганыбыз, “ууруну алыстан издебе” деген кыргыздын макалын, буларың айныбай аткарып атканында, кызыталактыкы десе. Кылмышкерлерди издеп аткан ИИМ эмне дээр экен?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: