ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосундагы соода катышынын көлөмү 2019-жылдын январь-ноябрь аралыгында 2 млрд 402 млн долларды түзгөн. Демек, 2018-жылга салыштырмалуу 4,2%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин башчысы Акылбек Султанов билдирди.
Анын айтымында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорт 5,1% төмөндөгөн. Буга себеп болгону, төмөнкү пайдаланып келген заттардын импорту кыскарган: таш көмүр – 49%, тамеки – 24,2%, мунайзат – 21,8%, жаратылыш газы – 5,5%.
Ошол эле учурда токой жыгачы жана жыгач буюмдардын импорту – 45,2%га, буудай уну – 39,8%га, дан азыктары – 39%га, дары-дармек – 34,8%га, нан жана кондитер – 27,8%га, кара металлдан жасалган буюмдар – 7,2%га көбөйгөн.
“Кыргызстан негизинен ЕАЭБге мүчө Орусия менен соодасы 61,6%ды жана Казакстан менен 36,2%ды түздү”, – дейт статком башчысы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ