Menu

1-июндан электр энергия кымбаттайт

Бөлүшүү:

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер 1-июндан тарта киргизилет. Бул тууралуу бүгүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, тарифтер орто эсеп менен алганда 20% жогорулайт.

Жаңы тарифке ылайык азыр 1 киловатт/саатына 70 тыйын төлөп жаткандар 84 тыйын төлөйт. 700 киловатт/сааттан ашык пайдалангандар ар бир киловаттына азыр 2 сом 5 тыйын төлөп жатса, эми 2 сом 20 тыйындан төлөйт. Жаңы тарифтер өкмөт бекиткенден кийин күчүнө кирет. Өкмөт энергияга таңсыктыкты чечүүнүн жолун тарифтерди жогорулатууга байланыштырууда.

Элебаевдин ырастоосунда, баалар коротулган энергияны актай ала турган өлчөмдө болсо, анда чакан ГЭС курууга кызыкдар тараптар көбөйүп, таңсыктык жоюлат. Тарифтерди жогорулатуу мезгилдин талабы экендигин айткан Элебаев, бааларды көтөрүү менен бул тармакка алынган насыялар төлөнөөрүн эскертет.
Токтогул суу сактагынчында суунун көлөмү кескин азайып, Кыргызстан өткөн жылдан бери энергеткикалык каатчылыкка кептелген. Мындан чыгуу максатында өлкө сырттан электр энергиясын импорттой баштаган. Өткөн жылда бир гана Казакстанда сатып алса, быйыл Тажикстандан да сатып алуу пландалууда. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттиктин статс-катчысы Миргүл Айдарова,чектөөлөр болбошу үчүн электр энергиясын импорттоого мажбур дейт.

Маалыматтар боюнча Кыргызстан быйыл сырттан 1 млрд 200 млн кватт электр энергиясын сатып алат.
Учурда Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү кызыл чекке жакындап калган. Өкмөт өкүлдөрү күзгө чейин кырдаал калыбына келет деп ишендирүүдө. Ал эми серепчилер жакынкы жылдары керектөө мындан да өсүп, электр кубатынын тартыштыгы дагы жогорулашын болжошууда.

Булак: maralfm.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: