Menu

Турсунбек Бейшенбеков, “Адилет” жаштар кыймылынын төрагасы: «Атамбаевдин эл алдына чыгып, салтанаттуу иш-чараларга катышууга моралдык жактан намысы жол бербей жатса керек»

Бөлүшүү:

-Экс-президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын баштаган адам катары расмий чакыруу алса дагы эмне үчүн иш-чаранын ачылыш аземине бара алган жок?

– “Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” демекчи, Атамбаевдин бүгүнкү тагдыры аянычтуу болуп турат. Албетте, ага бир гана өзү күнөөлүү. Мен Атамбаев президент кезинде ММКлар аркылуу ага атайын кайрылуу жолдоп, “сабатсыз кеңешчилердин сөзүнө кирбей, кыйшайып бараткан жолду түзөп, эл үчүн ак иштеп тарыхта калыңыз, али да болсо кеч эмес” дегенмин. Күчтүү президент болуу үчүн, албетте жаныңда күчтүү, билимдүү жана тажрыйбалуу кадрлар жандап жүрүшү керек, ал эми Атамбаевдин кеңешчилери баш, калгандары төш болуп, тажрыйбасы жок жеке кызматчылары болгонун кантип танабыз. Мына ушулар дагы Атамбаевдин ашмалтайын чыгарды десем туура болот го. Бүгүнкү күндө көрүп атасыңар, өлкөдө орун алган эң чоң резонанстуу коррупциянын дээрлик баарынан Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн кулактары көрүнүп, “колуң менен кылганды моюнуң менен тартасың” болуп, бир тобу камакка алынды. Андыктан, Атамбаевдин алты жыл аралыгында “эл караган бети жер карап” элге чыгууга жана салтанаттуу иш чараларга катышууга моралдык жактан намысы жол бербей жатса керек. Болбосо Роза Отунбаевадан эмнеси кем? Бул жагы “адамга эң жаман түрмө, үйдө жатып көчөгө батпай калганың” дегендей болуп жатат го сыягы…

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: