Нарында кармалган ак илбирстин абалы орточо деңгээлден төмөн. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Алардын айтымы боюнча, жырткычты агенттиктин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо бөлүмүнүн жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлери жана Бишкек шаарынан барган ветеринарлар текшеришкен.
“Толук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, ак илбирстин оң көзү көрбөй калганы, тиштери түшүп, сол жамбашынын муундары, ошондой эле оозу жана муруну жабыркаганы аныкталды. Ветврачтар анын тезирээк калыбына келиши үчүн бардык керектүү дары-дармектерди жазып беришкен” – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле агенттик ак илбирс учурда калыбына келтирилип жаткандыгын кошумчалады. “Ал жакшы тамактанып, өзүн жакшы сезүүдө, ветеринарлардын көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек,
ак илбирс 4-майда Нарын районунда жергиликтүү тургун тарабынан кармалган. Ал андан кийин Ысык-Көлдөгү NABU реабилитация борборуна жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ